Коронавируска каршы вакцина тууралуу жаңы жана эски мифтер (Фактчекинг)

Интернет колдонуучулары тарабынан Whatsapp тайпаларында коронавируска каршы вакциналардын зыяндуулугу тууралуу аудио тарап жатат.

Билдирүүдө: “Азыр кызматтагыларды вакцинациялоо башталды. Эми, балдардга өтүшөт. Эгер силер өмүрүңөргө жана балдарыңардын өмүрүнө кайдыгер карабасаңар вакцинаны албагыла. Европанын вакцинасынын канчалык коркунучтуу экенин изилдеген окумуштууну үй-бүлөсү менен өлтүрүп кетишкен. Европанын, Кытайдын миллиардерлери адам санын 7 миллиарддан 1 миллирдга кыскартыш керек экенин Ютубдагы “Золотой миллиард”, “Пламен Пасков”, “Операция корона” деген роликтерин көргүлө. Вакцинанын таасирин алты айда болбосо бир жылда билинет.”,-деп айтылган. 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү. 

Вакцинага каршы чыккан окумуштуу 

Аудио билдирүүдө Европада коронавируска каршы сайылып жаткан вакцинага каршы чыккан окумуштуу тууралуу айтылат. Бирок ким экени так белгиленген эмес.

Интернет айдыңында ковид диссидент окумуштуу катары эң белгилүүсү Британиялык окумуштуу Майкл Йидон. 

Коронавируска каршы вакцина тууралуу жаңы жана эски мифтер (Фактчекинг)

Ал, коронавируска каршы вакциналар ойлонуп табыла баштаганда “эмдөө аялдарды тукумсуздукка алып келет” деген билдирүү тараткан. Бул коомчулук арасында кызуу талкууга алынган. Анткени, Майкл Йидон 1995-жылдан 2011-жылга чейин 16 жыл бою азыркы “Pfizer-BionTech” вакцинасын чыгарган компанияда иштеген. 

Бирок, анын аялдардын тукумсуздугуна байланыштуу билдирүүсү жалган фактыларга таянган. Бул тууралуу бир топ окумуштуулар анын сөзүн жокко чыгарышкан.

Кийинчерээк Майкл Йидон коронавирус тууралуу оюн өзгөртүп, “өтө коркунучтуу илдет эмес” деп айткан. Мындан сырткары ал,  Улуу Британияда коронавирустан каза болгондордун саны 40 миң адамга жетиши «күмөндүү» деп эсептеген. Бирок азыркы учурга чейин коронавирустан 200 миңге жакын Британиялык каза тапты. Башкача айтканда, анын көпчүлүк билдирүүлөрү фактыларга таянбай, окумуштуулар тарабынан жокко чыгарылган. Ал эми анын өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат жок. 

Башкача айтканда, бул билдирүү далилсиз. 

“Алтын миллиард” жана дүйнөнү жок кылуу теориясы

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери бул атайын чыгарылган илдет экени жана ал жөнөкөй адамдарды өлтүрүүгө багытталганы айтылып келет. “Алтын миллиард” теориясы боюнча, жер жүзүндөгү адамдардын санын мүмкүн болушунча кыскартуу пландалганы белгиленет. Бул кутумду болсо, дүйнөдөгү чоң державалардагы таасирдүү күчтөр уюштуруп жатканы айтылып келет. 

Бирок бул убакка чейин, “Алтын миллиард” теориясы боюнча далилдер жок. Ал эми коронавирустан каза болгондордун арасында бир гана жөнөкөй адамдар эмес, миллионер адамдар да болгон.

Башкача айтканда, “коронавирус атайын чыгарылган илдет экени жана ал адамдарды жок кылууга багытталганы” тууралуу азыркыга чейин так далилдер жок. 

Вакцинанын таасири

Аудио билдирүүдө, коронавируска каршы сайылып жаткан вакцинанын таасири алты ай же бир жылда билине турганы айтылган. 

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, коронавирус илдетине каршы  вакцинаны жаңы алганда чыйрыгуу, температуранын жогорулашы, алсыроо сыяктуу белгилер байкалат

Бирок, коронавируска каршы вакциналарга терс эффекттери бар экендигине карабастан, эмдөөдөн бир нече жыл өткөндөн кийин кээ бир кесепеттер пайда болуу ыктымалдуулугу иш жүзүндө аз экени белгиленген. Бул тууралуу “DW” сайты немис окумуштууларына шилтеме берип жазган. Анда, организм вакцинага дароо же эң начар учурда, бир нече жумадан кийин таасир берип, терс эффектилери байкалышы мүмкүн экени белгиленген. Ошондой эле, башка оорууларга каршы вакциналарда да узак мөөнөттөн кийин эмдөөнүн терс таасирлери байкалбагандыктан, бул коронавируска каршы вакциналарда да күтүлө турганы белгиленген. 

Башкача айтканда, азыркы убакка чейин коронавируска каршы вакциналардывн терс таасилери изилденип бүтө элек.  Ал эми бир нече жылдан кийин терс таасирлери башталат деген сөз да далили жок. 

Жыйынтык: WhatsApp мессенджери аркылуу таратылып жаткан аудиодогу маалыматтар далилсиз жана такталган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты