Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында кандай чечимдер кабыл алынды?

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул штабдан билдиришти.

 Жыйындын жүрүшүндө 7-июлга карата республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал жана калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду.
 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө кандайдыр бир чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу окуянын ар кандай өнүгүү сценарийине жооп кайтаруу үчүн жетиштүү күчтөр жана каражаттар бар.

Эдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча бир нече толкун менен жайыла турган COVID-19 менен жашоону үйрөнүү зарылдыгын белгиледи.

Коронавирустук инфекцияга каршы вакцина албагандар, коронавирустук инфекцияга каршы эмделбеген калктын бөлүгү өлүмгө дуушар болуу тобокелдигине кабылат.
 
Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары тийиштүү мамлекеттик органдарга өлкө калкын эмдөөнү активдештирүү багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Ыкчам штабдын мүчөлөрү өлкөдө 2020-жылдын март айында киргизилген коронавирустук инфекция боюнча өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечимин кабыл алышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты