Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө өзүн-өзү атып каза болгон жоокердин иши боюнча иликтөө аяктады

  • 10 месяцев мурун

Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин №35524 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып, өзүн-өзү атып каза болгон жоокердин өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүздү. Анын жыйынтыгында окуя боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынганын 24.kg басылмасы Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, катардагы жоокер Р. К. 9-июлда саат 21.20да Лейлек районунун Маргун айылында жайгашкан аскер бөлүгүндө өзүн-өзү атып, каза тапкан.

«Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында кимдир бирөөнүн аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынды. Аскер кызматкеринин өзүн-өзү атып алуусуна үй-бүлөлүк көйгөйлөр себеп болгону аныкталды«, — деп билдиришкен Башкы прокуратурадан.

Ушул жылдын июлунда Коргоо министрлиги 19 жаштагы жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктан улам өзүнө ок чыгарып алганын жана ооруканага баратканда көз жумганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты