Коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы Сергей Нарышкиндин Кыргыз Республикасына сапары жемиштүү болоруна, ал эми эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда жетишилген макулдашуулар ар дайым стратегиялык мүнөзү, өзгөчө өз ара түшүнүшүү жана толук ишеним менен айырмаланып келген кыргыз-орус мамилелеринин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт, бул тиешелүү тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана эң негизгиси — аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо биргелешкен аракеттерди жана умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт.

Сергей Нарышкин өз кезегинде мамлекет башчыга Орусиянын президенти Владимир Путиндин саламын жана жылуу каалоолорун жеткирди.

Эки өлкө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеген Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Борбор Азия чөлкөмүндө жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты