Коопсуздук кеңешинин катчысы Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары менен жолугушту

  • 2 года мурун

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Регионалдык коопсуздук, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу алкагында кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана аны мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаровдун Астана шаарында өткөн «Орусия-Борбор Азия» саммитинде сүйлөгөн сөзүнүн контекстинде Марат Иманкулов кыргыз жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине кеңири токтолду.

Миграциялык каттоонун жол-жобосун өркүндөтүү, ошондой эле кыргыз жарандарын легалдаштырууга жана алардын Орусияда укуктук статусун жөнгө салууга тоскоолдук кылган себептерди четтетүү боюнча орусиялык тараптан көмөк көрсөтүү зарылдыгы айтылды.

Кыргыз тараптын Орусияда эл аралык жана улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулугуна мүмкүн болгон чектөөлөр тууралуу тынчсыздануусу жеткирилди. Кыргыз жарандары тарабынан алардын Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде болушу мүмкүндүгүн эрте, көз карандысыз жана аралыктан текшерүү механизмин иштеп чыгуу боюнча сунуштар киргизилди. Кыргыз тараптын Россиянын аймагынан чыгаруу шарттарын бир аз жумшартуу боюнча каалоолору белгиленди.

Өз кезегинде Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу форматында да, эл аралык интеграциялык бирикмелердин платформаларында да мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантууга даяр.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты