Коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына айып салынды

  • 7 месяцев мурун

Бишкектин Элебаев көчөсү 48 дарегиндеги курулуш объектинде коопсуздук талаптары бузулганына байланыштуу жашоочулардан 28-ноябрда видео кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө объект жанаша аймакка кооптуу абал жаратканы аныкталып, “Курулуш” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды.

Компанияга кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күн мөөнөт берилип, курулуш иши убактылуу токтотулду. Мындан тышкары, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси атайын комиссияда карала турганы билдирилди.

Ошондой эле, Курулуш министрлиги бардык курулуш уюмдарын мыйзамдагы жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырды.

Сүрөт: Иллюстрациялык сүрөт

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты