Коомдук жайларда жарамазан айткан өспүрүмдөргө рейд башталды

  • 4 месяца мурун

Кечээ, 27-февралда Бишкек мэриясында жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү. Жыйында өспүрүмдөрдүн кечки жана түнкү убакта чоңдорсуз коомдук жайларда жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү, ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жашы жете электерди киргизген кафе-ресторандардын жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери талкууланды.

Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева акыркы учурда балдардын жарамазан айтып, көңүл ачуу жайларын жана жол кесилиштерин кыдырып жүргөн учурлары көбөйгөнүн белгилеп, бул алардын коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтты. Ошондой эле айрым балдар QR-код аркылуу акча талап кылган фактылар катталганын кошумчалады.

Жыйынтыгында райондук администрацияларга инспекция жана патрулдук кызматкерлер менен биргеликте рейддерди уюштуруу тапшырмасы берилди. Мэрия бул чаралар балдардын укуктарын, ден соолугун жана коопсуздугун коргоого багытталганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты