Контрабандалык жүк ташыган”КамАЗ” конфискацияланат

  • 2 года мурун

Мыйзамсыз аткезчилик боюнча козголгон административдик иштин алкагында 21-октябрда Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда автоунаанын айдоочусу Т.Ж.С. күнөөсүн мойнуна алган. Лейлек райсотунун токтому менен, укук бузуулар жөнүндө кодекстин 372-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык  “Камаз” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа мамлекеттин пайдасына конфискацияланууга жатат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Т.Ж.С аттуу жаранга 60 миң сом өлчөмүндө айып жана товар үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө милдети тагылды. Ошондой эле укуктук-ченемдик актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Лейлек райондук сотунун токтому менен “Камаз” үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин пайдасына конфискацияланды.

УКМК тарабынан 22-июнда УКМК чек ара кызматкерлери жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысынын кызматкерлери менен бирге Т.Ж.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны,кошуна мамлекеттин аймагынан дарбыз, күрүч жана элге керектелүүчү азыктарды жүктөп келе жаткан жеринен кармаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты