Контрабандалык тамекилердин партиясы кармалды

  • 1 год мурун

Контрабандалык тамекилердин партиясы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин (Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыштын негизинде, УКМК кызматкерлери тарабынан контрабандалык жол менен өлкө аймагынын ички рыногуна сатуу үчүн ташылып келинген тамекилердин партиясы кармалды.

Белгилей кетсек, аталган адамдар Кыргызстандын рыногуна сатылып жаткан тамекилерди бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн, узак убакыт бою аткезчилик жол менен ташып келип жүргөнү аныкталган. Кармалган продукциянын суммасы 288 миң кутудан ашык тамекини түздү.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле бул мыйзамсыз ишке катышкан тараптарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты