Конституциялык сот ЖКнын депутатына кылмыш ишин козгоо тартибине киргизилген өзгөртүү боюнча түшүндүрмө берди

  • 1 год мурун

Конституциялык сот “Жогорку Кеңештин депутаттарына кылмыш ишин козгоо үчүн парламенттин макулдугу кереги жок” деген чечими боюнча түшүндүрмө берди. Түшүндүрмө мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамда башкы прокурор депутатка кылмыш ишин козгошу үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу керек деген жобо эл өкүлдөрүнүн Конституцияда белгиленген укуктарын кеңейтип салганы айтылат.

Конституциялык сот депутатка кесиптештеринин макулдугу жок эле иш козгосо болорун, бирок аларды жоопкерчиликке тартууда Жогорку Кеңештин макулдугу керек экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Депутат Жанарбек Акаев парламенттин 1-июндагы жыйынында Конституциялык соттун депутатка иш козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок деген мазмундагы чечимин сынга алган.

Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентиндеги “депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек” деген норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапканы быйыл 25-майда белгилүү болгон. Конституциялык сотко бул жобонун мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен адвокат Төлөндү Самаков кайрылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты