Конституциялык сот Кыргызстанда аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмесин карап чыгат

  • 1 год мурун

Конституциялык сот Эмгек кодексиндеги 218, 303-беренелер менен аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмеси бекитилген өкмөттүн токтомун Конституцияга каршы келет деп таанууну суранган жарандын арызын кабыл алды. Бул тууралуу Конституциялык соттун сайтында айтылат.

Арыз ээси Каныкей Тусучева Кыргызстандын Конституциясында аялдар менен эркектер бирдей укукта экенин, анын ичинде эмгек эркиндиги, кесип тандоодо жыныстык белгилери боюнча басмырлоого тыюу салынарын белгилеген.

Тусучева “аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмелери совет доорунан калган мурас жана эмгек чөйрөсүндөгү аялдарга карата ачык басмырлоо” деп эсептейт. Ал аялдарга жумуштагы репродуктивдүү ден-соолукка байланыштуу тобокелдиктер эскертилип, бирок жалпы тыюу салуу болбошу керек экенин белгилейт.

Эмгек кодексинде айрым жумуштарда аялдардын эмгегин колдонууну чектеген 218-беренеси (“Оор жумуштарды жана эмгек шарты зыяндуу же кооптуу жумуштарды аткарууну чектөө”) жана 303-беренеси (“Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштар”) бар.

2000-жылдын 24-мартта “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтому кабыл алынган. Анда оор жана зыяндуу деп эсептелген жумуштардын тизмеси түзүлгөн. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты