Комуз үнү кылымдарга жаңыра берсин! Президенттин куттуктоосу

  • 1 неделя мурун

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды комуз күнү менен куттуктады.

«Кыргыз музыка өнөрүнө баа жеткис салым кошкон Ниязалы, Токтогул, Айдараалы, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Шекербек жана башка көптөгөн залкар комузчулардын ысымдарын сыймыктануу менен эскеребиз. Алардын бизге калтырган керемет чыгармалары үчүн ар дайым таазим кылабыз.

Азыркы тапта комуз күүсү заманбап композициялар менен төп келише жаңырып, таланты ташкындаган жаштарды жаратмандыкка шыктандырууда.

Келиңиздер, кыргыз элинин бой тумарына айланган комузубузду жана комузга байланыштуу кылымдар бою жашап келген салттуу өнөрүбүздү колдоп-коштоп өнүктүрөлү. Келечек муундун комузга болгон шык-жөндөмүн, урмат-сыйын, атуулдук сезимдерин ойготолу. Комуз майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Комуз үнү кылымдарга жаңыра берсин!» деп айтылат куттуктоодо.

2019-жылы 29-июлда, ал кездеги резидент Сооронбай Жээнбеков ар жылы 9-сентябрды комуз күнү катары белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты