Колумбия жээгинде мигранттар бараткан кайык чөктү. Жүргүнчүлөр арасында казактар болгон

  • 2 месяца мурун

Кариб деңизинин Колумбия жээгинде 20 мигрантты ташып бараткан кайык чөгүп кетти. Алардын арасында казак жарандары да болгон. Бул тууралуу “Америка үнү” билдирди.

Бир адам каза болуп, төртөөнүн дайыны табылбай жатканы, 15 адам куткарылганы кабарланды.

AFP агенттиги куткарылгандардын алтоо жашы жете элек балдар экенин белгиледи. Экөө – казак, үчөө – венесуэлалык. Бир бала кайсы өлкөнүн жараны экени тууралуу маалымат жок.

Колумбиянын аскер кызматкерлери куткарылган кишилер Колумбия, Эквадор, Иран, Никарагуа, Казакстан жана Венесуэланын жарандары экенин билдирди.

Мигранттарды ташыган кайык Никарагуанын чыгышында жайгашкан Сан-Андрес жана Провиденсия курорттук аралдарына жакын жерде чөккөн.

Май айында Вашингтон Никарагуага каршы санкцияларды киргизип, өлкөнү АКШдагы мыйзамсыз миграциянын көбөйүшүнө салым кошууга айыптаган.

АКШга мыйзамсыз кирген борбор азиялык мигранттардын саны барган сайын көбөйүүдө. Өткөн жылы чөлкөмдөн он миңдеген адам АКШга мыйзамсыз кирген. Алардын арасында Өзбекстандан 17 миң, Кыргызстандан жети миң, Тажикстандан үч миң, Казакстандан 2,7 миң жана Түркмөнстандан эки миңдей адам болгон.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты