Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 4-июлда Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя саат 02:00 чамасында болгон.

«№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. (01.04.2000-ж. төрөлгөн) постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан, жоокер жаракат алган жеринен көз жумган», деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Окуя болгон жерде Башкы штабдын жетекчилиги, Аскердик прокуратуранын кызматкерлери, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын эксперттери жана №02625, №73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатканы маалымдалды.

Kaktus.media басылмасы маркумдун туугандарына таянып жазышынча, жоокер кызматка быйыл 21-майда киришкен, 7-июлда үйүнө барып келүүнү пландап жаткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты