Кой-Таш окуясы: айыпталуучулар «Альфанын» командирин жоопкерчиликке тартуу талабы менен баш прокурорго кайрылды

  • 2 года мурун

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан бир канча адам аталган иш боюнча УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн командири Жыргалбек Сыдыковду кызматтан алып, жоопкерчиликке тартуу талабы менен башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Кайрылууда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча уюштурулган атайын операцияга Жыргалбек Сыдыков жетекчилик кылганы айтылат.

«Атайын бөлүктүн жоокерлеринин сотто берген көрсөтмөсүнө караганда, Жыргалбек Сыдыков атайын операцияга катышып эле тим болбостон, аны жетектеген. «Альфанын» командири Атамбаевдин дарыгерин сабап салганы боюнча тиешелүү видеотасмалар бар. Бирок атайын операциядан майнап чыкпагандан кийин ал экс-президенттин үйүнөн чыгып, кол алдындагыларды коргоого чара көрбөй, анысы аз келгенсип, аларды коркунучта калтырган», — деп айтылат кайрылууда.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 3-мартынан бери карап жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты