Кочкор районунда Ормон хандын эстелиги ачылды
- 10 месяцев мурун
- Фоторепортаж
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Кыргыз РеспубликасXынын туусун көтөрүү жана Ормон хандын эстелигинин ачылыш аземине катышты.
-XIX кылымдагы татаал кырдаалда Ормон Ниязбек уулу бытыранды кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, хан шайланып, жоопкерчиликти өзүнө алган. Бул окуяны — Кыргыз хандыгынын түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдөгү эң орчундуу окуя катары кароого болот. Ошондуктан Ормон хан атабыздын кыргыз элинин эгемендиги үчүн жасаган эрдиги менен өтөгөн эмгеги татыктуу бааланышы керек,-деди президент Жапаров.
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы
![Кочкор районунда Ормон хандын эстелиги ачылды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/10/estelik6-1500x909.jpg)
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!