Коңшу өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттукташты

  • 2 недели мурун

Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Орусиянын лидерлери Жеңиштин 80 жылдыгы менен кыргызстандыктарды жана өлкө башчысын куттукташты.

Президенттик аппараттын маалыматына ылайык, куттуктоодо президенттер бул жалпы майрам экенин, мындан ара өлкөлөр ортосундагы ынтымак бекемдей бериши керектигин белгилешкен. Мындан сырткары, куттуктоолордо өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер, өз ара урмат-сый жана кызматташтык мындан ары да бекемделип, жаңы багытта өнүгөрүнө ишеним билдирилген.

Куттуктоолордо согуш талаасында жана тылда эмгек өтөгөндөрдүн кайратмандыгы менен баатырдыгы баса белгиленип, алардын эрдиктери эркиндик жана тынчтык үчүн күрөштүн түбөлүк үлгүсү катары сыпатталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты