КМШнын жаш таланттары 2024-жылкы ачык балдар Дельфий оюндарына чогулат

  • 4 месяца мурун

КМШнын жаш таланттары 2024-жылкы ачык балдар Дельфий оюндарына чогулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

2024-жылдын 30-сентябрынан 5-октябрына чейин борбор калаада өтө турган КМШга мүчө-мамлекеттердин балдардын ачык Дельфий оюндарына КМШнын бардык өлкөлөрүнөн 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттар катышат.

Белгилей кетсек, КМШга мүчө-мамлекеттердин балдар ачык Дельфий оюндары жаш маданият жана искусство ишмерлеринин конкурстук жана фестивалдык сынактарын бириктирген мамлекеттер аралык иш-чара болуп саналат.

Иш-чарада элдик, классикалык жана заманбап искусствонун ар кандай категориялары боюнча номинациялар камтылган, алар жаш курактык топторго жана турларга бөлүнүп, катышуучулар менен өзүнчө жерлерде өткөрүлөт. Сынактык программадан тышкары оюндардын алкагында мастер-класстар, расмий, илимий-практикалык ж.б.у.с өткөрүлөт.

Оюндар конкурстук жана фестивалдык программалардан турат:

Сынактын программасы төмөнкү номинациялардан турат: фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм сүрөт искусствосу, эстрадалык ыр, элдик бий, элдик ыр, ди-джей.

Фестивалдын программасы төмөнкү категориялардан турат: элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк жана жаңдоо тилиндеги ырлар.

Оюндардын катышуучулары КМШга мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле мамлекеттердин делегациясынын курамында болгон өз өлкөсүнүн жарандыгы бар башка мамлекеттердин өкүлдөрү боло алышат.

Катышуучулар эки турда ат салышат жана аларды маданияттын, билим берүүнүн жана илимдин көрүнүктүү ишмерлери, профессордук-окутуучулук курамы, кесиптик ассоциациялардын жана бирикмелердин жетекчилери – катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу баалайт.

Ачык балдардын Дельфий оюндары 2024 — бул КМШнын искусствосу менен маданиятынын келечегин жаңы өңүттө көрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Оюндар үчүн программалык талаптар камтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты