КМШ саммити: Мамлекет башчылар Бишкекке келип жатышат
- 2 months мурун
Бишкекте бүгүн, 13-октябрда, өтө турган Көз карандысыз Шериктештер Мамлекетинин саммитине Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргыз Республикасына келди.
“Манас” эл аралык аэропортунан аталган өлкөлөрдүн президенттерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.


Алар 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди.
Буга чейин Азербайжанжын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко Бишкекке келген.
Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.
Сүрөттөр: МинКаб басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү