КМШ мамлекеттеринин катышуусундагы ХIX “Искусство книги” эл аралык сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

  • 2 года мурун

Москва эл аралык китеп көргөзмө-ярмаркасында 2022-жылдын 3- сентябрында КМШ мамлекеттеринин XIX “Искусство книги” эл аралык сынагынын лауреаттарын салтанатттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эл аралык “Искусство книги” сынагы 2004- жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Сынактын уюштуруучусу болуп КМШ аткаруу комитетинин Мезгилдүү басма сөз, китеп таркатуу жана полиграфия жаатындагы кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык кеңеши саналат. Сыйлыктарды тапшыруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда өттү. Сынактын максаты- китеп басып чыгаруу жаатындагы эң мыкты жана таланттуу башталыштарды сыйлоо, китеп басып чыгаруу маданиятын жогорулатуу жана Шериктеш мамлекеттерде китеп искусствосун өнүктүрүү, КМШнын жалпы маданий мейкиндигин колдоо болуп саналат.КМШ мамлекеттеринин катышуусундагы XIX “ Китеп искусствосу” эл аралык сынагына Азербайжан, Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстандан 77 басылма келип түшкөн. Сынакка ар бир өлкө: “Содружество”, “Моя страна”, “Книга для детей и юношества”, “ Диалог культур”, “Наука и просвещение”, “Арт книга”, “ Искусство иллюстрации”, “Отпечатано в содружестве”, “Победа” жана “Гран-при” аттуу 10 номинация боюнча өздөрүнүн эң мыкты китеп басылмаларын сунушташкан. XIX “Китеп искусствосу” эл аралык конкурсунун калыстар тобунун чечими менен Кыргыз Республикасынын басылмаларына ар кыл номинациялар боюнча 1-, 2-, 3-даражадагы жана баш байге “Гран-при” сыйлыктары ыйгарылды. Анда Кыргыз Республикасынын басылмалары бул сынакта 1-даражадагы 3 диплом, 2-даражадагы 5 диплом, 3-даражадагы 1 диплом жана баш байге “Гран-при” 1 миллион рубль акчалай сыйлыгынын жеңүүчүлөрү болушту.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты