Бишкектеги курулуш компанияларынын биринин башкы директору кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери, жеке нотариустар жана Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринин башкы директору катышкан кылмыштуу топтун бетин ачканын маалымдады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, бул кылмыштуу топ Бишкек шаарында кыймылсыз мүлкү бар жарандардын атынан жасалма келишимдерди түзүп, мүлктүн ээлерин алмаштырышкан. Андан соң бул кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн Бишкектеги “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине пара берип, кыймылсыз мүлктүн электрондук базасына жалган маалыматтарды киргизишкен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө аракеттеринин натыйжасында борбор калаадагы курулуш компанияларынын биринин башкы директору А.М. кармалды. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты