ӨКМдин тик учагы Ноокатка учуп кетти

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 29-июнда сел жүргөн Ноокат районуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы учуп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тик учак куткаруу иштери үчүн пайдаланылат.

Ошондой эле министрлик тик учактын кеч жиберилгенинин себебин түшүндүрдү. Ага ылайык, 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда таң эрте аба-ырайы бузулуп, ашууларды булут каптап жабылганына байланыштуу учуу токтотулган.

Аба ырайы турукташкан соң тик учак жардамга жиберилгени айтылды.

Ноокат районунда 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда аба ырайы бузулуп, сел жүргөн.

Сел жети кишини агызып кеткен. Селдин кесепетинен 5 адам каза болгону тастыкталды.

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланган.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты