ӨКМдин эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарындагы башкармалыгынын кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Аскер прокуратурасы тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан долбоордук уюмдардын өкүлдөрүнөн долбоордук документтерди кароодо ишти оң жагынан чечип, тиешелүү эксперттик корутундуларды даярдап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылып, алып жүргөндүгү аныкталды.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз төлөмдөрдүн көлөмү 8 миңден 50 миң сомго чейин өзгөрүп турган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында башкармалыктын жетекчилеринин бири М.И. жана улук инспектору М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты