ӨКМ: Жууку ашуусундагы көчкөн мөңгүнүн кесепетинен бир көпүрө жараксыз абалга келди 

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдүн Жууку ашуусундагы мөңгү көчкүсүнүн кесепетинен бир көпүрө жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-июнда болгон. Кар көчүп келатканын ошол жерде жүргөн чет элдик туристтер тартып алган. ӨКМ туристтердин бири бутунан жеңил жаракат алганын маалымдады. Бейтапка ошол эле күнү «Кумтөр» ишканасынын дарыгерлери жардам көрсөткөн.

Түшкөн мөңгүнүн кесепетинен ошол тилкедеги мал айдап өтүүчү бир көпүрө жараксыз абалга келген.

Аймакка барган ыкчам топтун маалыматына ылайык, көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 млн 11миң 500 метр кубду түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты