ӨКМ жарандарды машыгуу учурунда сиренанын үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

  • 10 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрилиги жарандарды машыгуу учурунда сиренанын үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Маалыматка ылайык, 3-октябрда саат 10:00дөн -11:00гө чейинки аралыкта Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. «Андыктан жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз. Бул машыгуу!Машыгуунун максаты — өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт жана “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулат. Аталган иш-чарага республикабыздын бардык мамлекеттик ведомствалары, билим берүү мекемелери менчигинин түрүнө карабастан мекеме ишканалардын катышуусу мерчемделген», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты