ӨКМ унаа жолдордогу абал тууралуу маалымат берди

  • 5 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри 17-февралга карата унаа жолдордогу абал тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 16-февралда туруксуз аба ырайынан улам кар күрткүсү пайда болуп, кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу максатында бир катар унаа жолдор убактылуу жабылган.

17-февраль күнгө карата:

Кочкор районунда Бишкек— Нарын — Торугарт, Нарын — Баетов унаа жолдору ачылды.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунун 34-101км аралыгы жана Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырымдары кар көчкүдөн тазаланып, жол каттамы ачылды.

Тогуз-Торо районунда Казарман — Актал — Чат унаа жолдун 42-44-чакырымына түшкөн кар көчкүнү тазалоо иши жүрүүдө.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болгондуктан жол жабылган. Учурда унаа жол тазаланууда.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп—Кеген унаа жолунун 39-76-чакырмында кар күрткүсү пайда болуп, жол жабылган.

Ошондой эле облустун Ак-Суу районунун Каракол — Эңилчек унаа жолунун болжол менен 65-70-чакырымына кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Аймактарда катуу бороон болуп жаткандыгына байланыштуу жолду тазалоо иши аба ырайы турукташканга чейин токтоп турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты