ӨКМ тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин кабарлады
- 4 месяца мурун
Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
ӨКМдин маалыматына караганда, 5-12-июлда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Сүрөт интернеттен алынды.
Муну бөлүшүү