ӨКМ: Тик учактар саатына 2300 АКШ долларына ижарага берилет

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев министрликтин карамагындагы тик учактар ижара берилип жаткандыгын билдирди. Ага чейин, экс-депутат Азамат Арапбаев Чаткалга ӨКМдин тик учагы менен барганы аныкталган. 

ӨКМдин авиакомпаниясы толук коммерциялык авиакомпания экендигин, ар бир өзүнүн учуусун коммерциялык баада жүргүзөрүн билдирди министр: 

Учуунун ар бир сааты 2300 АКШ доллары. Кайрылган ар бир жаран, ар бир компания ошол акчасын төлөп, төлөгөн акчасына жараша тик учакты колдоно алат. Жол кырсыгы болобу, өрт кырсыгы болобу, суу кырсыгы болобу, кайсык кырсык болбосун аны бекер жүргүзөбүз. Бирок, авиакомпания толугу менен коммерциялык уюм. Кечээки соцтармактарда айтылып жаткан окуя боюнча(Азамат Арапбаев), ал учуу кызматы үчүн биз 800 миң сом акы алдык, учкан убактысы 4 саат 16 мүнөт болду”, — деди министр Ажикеев. 

“ПолитКлиника” буга чейин аныктагандай, ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 13-августунда атайын техникаларды алган. Алардын арасында бир Airbus H-125 үлгүсүндөгү тик учак бар, ага EX-88010 борт номуру ыйгарылган. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, бул тик учак издөө, куткаруу жана байкоо иштерине мүмкүнчүлүк түзүп бермек. Азамат Арапбаев дал ошол тик учак менен тойго барган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты