Өкмөт жылуулук жана ысык суу үчүн тариф саясатына өзгөртүүлөрдү киргизди

  • 8 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыздоо тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилгенин кабарлады.

Маалыматта мындай чечим энергетика тармагына өзүн-өзү актоо принциптерин киргизүү, ошондой эле энергетикалык ишканалардын финансылык көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Ага ылайык, «Электр станциялары» ААКсынын «Бишкекжылуулуктармагы» жана  Бишкек ЖЭБ филиалынын «Өнөр жай», «Башка керектөөчүлөр» жана «Бюджеттик керектөөчүлөр» топтору үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлинде колдонулат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул өзгөртүүлөр калктын жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоо тарифтерине таасирин тийгизбей турганын белгиледи.

 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты