Өкмөт кумарканалар боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду

  • 2 года мурун

Экономика жана коммерция министрлиги кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Өкмөт аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштайт.

«Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталган мыйзам долбоорунда анын максаты инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү экени айтылат.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдорун билдирип, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты