Өкмөт “Керемет Банкты” 7 млрд сомго сатып алууну көздөөдө

  • 6 месяцев мурун

31-январда Жогорку Кеңеш «КР министрлер кабинетинин Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды.

Долбоор Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Ага ылайык, өкмөт «Керемет Банк» ААКнын Улуттук банкка таандык 7 126 432 000 сом өлчөмүндөгү акциясын сатып алуусу сунушталууда. Бул «Керемет банктын» 100% таза капиталынын 97.45%.

Парламентте мыйзам долбоорун КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев тааныштырып, алты жыл мурда «Керемет банкты» алуу туура эмес чечим болгонун белгиледи.

«Негизи бул маселе, кызыкчылыктар кагылышы мындан алты жыл мурун, 2018-жылы башталган. Ошол жылы Улуттук банк «Керемет банктын» акцияларын алган. Ошондо эле маселени түшүнгөн адистер, депутаттар жана эл аралык уюмдар, анын ичинен Эл аралык валюта фондунун адистери көзөмөл кылган мекеме ошол тармактагы уюмду ээлигине алса, арты жаман болот деп айтышкан. Алар айткандай эле болуп чыкты. 2021-жылдын аягында Улуттук банкта кызматтык териштирүү жүргөн. Анын негизинде мыйзам бузуулар табылган. Ошондо Улуттук банк «Керемет банктагы» инвестициялардан 4,4 миллиард сом чыгаша тарткан. Биз материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бергенбиз», — деди Бөкөнтаев.

Бөкөнтаевдин айтымында, банк 2020-жылдан 1 миллиард сом чыгаша менен чыккан. Ал эми 2021-жылды чыгашасы жок жыйынтыктаган. 2022-жылы 360 миллион сом, ал эми 2023-жылы болжол менен 960 миллион сом киреше тапкан.

Депутат Дастан Бекешев «Керемет банкты» өкмөт кайсы каражатка сатып аларына байланыштуу суроо салды.

«Силер 7 миллиард сомду кайдан тапканы жатасыңар? Биз ушул жерде мектептердеги балдардын тамагына жетиштүү каражат таппай, ошол акчаны азайтуу керек дегенге чейин жетип жатабыз. Мисалы, мага мамлекеттик мекемелердин биринде пол жууп иштеген, жети миң сом айлык алган аял кайрылып, качан маянабызды көтөрөт деп сурап жатат. Мен ага «акча жок» деп жооп беришим керекпи? Окуу китептерине акча жетпей жатат. Тез жардам машиналарына акча жетпейт. Айлыктын аздыгынан ал жакта жумуш орундар бош турат. Ушул сыяктуу көп нерселерге акча таппай жатсак, силер дароо 7 миллиард сомго банк сатып алганы жатасыңар», — деди Бекешев.

Бекешевдин сөзүн депутат Улукбек Ормонов дагы колдоду. Ал мындан улам банкты өкмөткө сатууга каршы экенин билдирди.

«Керемет Банк» өлкөдөгү мамлекеттик үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон “Азия Универсал Банктын” активдеринин негизинде «Залкар Банк» түзүлгөн. 2013-жылы кыргыз-орус өкмөттөрү бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы «Росинбанк» деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы «Росинбанктын» акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, “Керемет Банк” болуп калган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты