ӨКМ: «Сосновка» жана «Арал» өткөрмө пунктарындагы чектөө алынды
- 2 года мурун
Бишкек – Ош унаа жолунун «Сосновка» жана «Арал» өткөрмө пункттарында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөөлөр 6-январда саат 10:20да алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Эске салсак, чектөө бүгүн, 6-январда түнкү саат 01:00дө киргизилген. Анда убактылуу чектөө Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилгендиги айтылган.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




