ӨКМ сел коркунучу боюнча эскертүү берди
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21–25-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел коркунучу бар экенин эскертти.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.
ӨКМ жарандарды аба ырайы боюнча маалыматтарды көзөмөлдөп, кооптуу аймактарда этият болууга чакырды.
Муну бөлүшүү




