ӨКМ: Сел агызып кеткен төрт киши табылды. Бешинчиси изделүүдө

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 16-июлда,  Оштогу селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 143 куткаруучусу тартылды.

Маалым болгондой жалпы 5 адам изделип, анын 4ү табылган. Учурда 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аял кишини изделүүдө.

Куткаруучулар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын борбордук базарынан баштап, Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүшөт.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган. Дагы бир аял изделип жатат.

15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Андан мурдараак 6 жашар кыздын сөөгү табылган. 15-июлда Өзбекстандын Анжиян  шаарынын Шахронсой сайынан болжол менен 2005-ж.т. Н.М. жана 2014-ж.т. Н.М. аттуу кыздардын сөөгү табылган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар.

Кошумча маалымат берилери айтылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты