ӨКМ пиротехникаларды колдонуу жана аны менен иштөө эрежелерин эскертти

  • 7 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникаларды колдонуу жана аны менен иштөө эрежелерин эскертти.

Анда министрлик колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбоого, анын жарактуу мөөнөтүн текшерүүгө чакырат. «Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышып калса, эч качан албаңыз. Нымдалышкан каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири тарапты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптөрдү өрттөп жиберүү коркунунчу бар.

Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин сураңыз. Себеби текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себепкер болуп калышы толук ыктымал.

Сатып алган соң суу кылып алуудан сактаңыз. Эгер ным болуп калган болсо, колдонбостон балдар жетпеген жайга ыргытып же көмүп жок кылыңыз. Кургатуу үчүн мешке же жылуулук берүүчү буюмдардын жанына коюу кырсыкка жол ачат.

Үйгө алып келгенден кийин +30 градуска чейин ысык, кургак жана балдар жетпеген жайда сактоо керек», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты