ӨКМ: Майлуу-Сууда калктын 89 пайызы жылуулук менен камсыздалды

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Майлуу-Суу шаарында калктын 89 пайызы жылуулук менен камсыздалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардагы №1, №3, №4 от казандарда жумуш жүргүзүлүп, жергиликтүү эл жылуулук менен камсыздалууда. Ал эми калган авариялык абалдагы жылуулук берүүчү түтүктөрдө ширетүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

Мындан улам шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты