ӨКМ: өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин маалымдады.

Мекеме билдиргендей, Кыргызстандын аймагында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 7-декабрдан 8-декабрга чейин тоолуу райондордо, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-75-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин эске салат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты