ӨКМ: «Куткаруучулар сууга агып кеткен окуя Кыргызстанда орун алган эмес»

  • 2 года мурун

Куткаруучулар сууга агып кеткен окуя Кыргызстанда орун алган эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Социалдык тармактарда каналга агып бара жаткан баланы аман-эсен куткарып, бирок куткаруучулар өзүлөрү сууга агып кеткен окуя Кыргызстанда орун алган эмес. Ошондой эле бул тууралуу ӨКМдин «112 » байланыш түйүнүнө маалымат түшкөн эмес. Тактоо ишин жүргүзүүнүн натыйжасында коңшу Казакстан жана Өзбекстан өлкөсүндө да бул кырсык катталбаганы белгилүү болду», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты