ӨКМ коопсуздук куржундун ичинде эмнелер болушу керектигин эскертти

  • 6 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдө коопсуздук куржунун даярдоого чакырды.

Коопсуздук куржунунда төмөнкүлөр болуусу зарыл:

1) Документтердин көчүрмөсү, акча;

2) Тез жардам кутусу

3) Жай мезгилинде 5-6 л суу, кыш мезгилинде 3-4 л суу;

4) Консерва, жогорку калорриядагы тамак-аш;

5) Гигиена каражаттары;

6) Запаска кийим, бут кийим, жууркан (одеяло);

7) Радио, батарейки, уюлдук телефондун кубаттагычы (PowerBank), ышкырык, фонарик.

Коопсуздук куржуну – асынма сумка (рюкзак) дөңгөлөктүү же өзүңүзгө ыңгайлуу сумканын түрүн тандасаңыз болот.

Куржундун ичинде кеминде үч күнгө жете турчу азык, суу, жылуу кийим, дары-дармек, жардамга чакыруу үчүн белги берүүчү фонарик жана ышкырык болуусу зарыл.

Ошондой эле куржундун ичинде кагазга жакын туугандарыңыздын дарегин, телефон номерин, жакын жердеги бейтапкананын өзгөчө кырдаал учурунда жарандарды кабыл алуу пункттарынын дарегин жазып койгонду унутпаңыз. Бул байланыш жок учурда ӨКМдин кызматкерлери үчүн сизге ыкчам жардам берүүгө жардам берет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты