ӨКМ: дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертип, чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 30-майдагы туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Жаан-чачындан улам дарыяларда суунун деңгээли дагы көтөрүлүшү ыктымал.

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-85 чакырымында Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкүсү түшүүcү мүмкүн.

ӨКМ кырсыкка жол бербөө үчүн унаалардын ортосундагы аралыкты (500 м) сактоо зарыл экенин эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты