ӨКМ дайынсыз болуп жаткан 53 жаштагы жаранды издөө иштерин улантууда

  • 8 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз болуп жаткан 53 жаштагы жаранды издөө иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 15-ноябрда Нарын шаарынын Шералиев көчөсүнүн 53 жаштагы С.В. аттуу тургунун Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 36 куткаруучусу туугандары менен биргеликте жер-жерлерге бөлүнүп, издөө ишин улантышууда.

Учурда куткаруучулар шаардын ички көчөлөрүн жана Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан карап жатышат.

Белгилей кетсек, шаар тургуну 11-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайтып келбегендиги тууралуу маалыматты туугандары билдиришкен. 14-ноябрда жерине издөө иштерин жүргүзүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты