ӨКМ Бишкектин четиндеги өрт чылым чегүүдөгү этиятсыздыктан чыкканын билдирди
- 10 месяцев мурун
10-август күнү Чүй облусунун Панфилов районунда тоодогу өрттү өчүрүү иши кеч киргендигине жана тоонун боорунан таштар кулап өрттү өчүрүү кооптуу болгондугуна байланыштуу саат 21:45те токтотулду.
Өрттү өчүрүүгө Мамлекеттик аңчылык чарбасынан 4 кызматкер, айыл аймактан 2 кызматкер, жалпы 6 адам жеринде нөөмөттө калган.
Өрттүн болжолдуу аянты 100 гектарды түздү. Бүгүн, 11-августта да өчүрүү иштери улантылат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлү алдында өрттү өчүрүүгө ыкчам жана күжүрмөн аракеттер көрүлдү.
Алдын ала маалымат боюнча өрт чылым чегүүдөгү жоопкерчиликсиз мамиледен келип чыккан.
Муну бөлүшүү




