ӨКМ: «Баткендеги убактылуу пункттарга азык-түлүк, гигиеналык каражаттар жеткирилүүдө»

  • 2 года мурун

Баткендеги убактылуу пункттарга азык-түлүк, гигиеналык каражаттар жеткирилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусуна азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, төшөк-жууркандар жана башка биринчи керектелүүчү каражаттар белгиленген жерлерге жеткирилүүдө. Эвакуациялоо, жарандарды жайгаштыруу иштери журүп жатат. Жерине жеткирилген гуманитардык жардам Баткен облусунда ачылган убактылуу пункттарда жайгашкан жарандарга, муктаждарга таратылат.

Убактылуу пункттарда жайгашкан жарандарга медициналык жана психологиялык жардам жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты