ӨКМ: «Баткенде жарандарды эвакуациялоо иштери жүрүүүдө»

  • 2 года мурун

Баткенде жарандарды эвакуациялоо иштери жүрүүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат. УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт. Буга байланыштуу убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулуп, Баткен жана Лейлек районунун аймагындагы жергиликтүү эл көчүрүлүүдө. Ал үчүн ӨКМден атайын техника жана Жарандык коргонуу кызматтарынын Транспорт кызматынан бус унаалары камсыздалды. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде тийиштүү иш-чаралар аткарылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты