ӨКМ: Абшыр-Атадан 1300 адам коопсуз жерге чыгарылды

  • 4 месяца мурун

Селден улам Абшыр-Ата эс алуу жайында калган 1300 киши коопсуз жерге чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы баскандан кыйналган жана улгайган адамдарды тик учак менен алып келгенин билдирди.

Куткарылгандардын арасында жабыркагандар жок жана медициналык кароодон өткөрүлдү.

Оштун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты