«Клооп» сайтын бөгөттөө аракети боюнча Маданият министрлигине арыз жазды

  • 11 месяцев мурун

«Клооптун» юристтери Маданият министрлигине административдик арыз менен кайрылды. Буга чейин Маданият министрлиги “Клооп” сайтынын “Политик Равшан Джеенбеков заявил, что его пытают в СИЗО-1” (“Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де аны кыйноого алып жаткандыгын билдирди”) аттуу материалында чындыкка дал келбеген маалымат жарыяланган деп, эгерде ал материалды сайттан алып таштабаса, эки айга чейин бөгөттөөнү көздөп жаткандыгын жазып чыккан.

Аталган материалда Равшан Жээнбеков Бишкектеги СИЗО-1 абак жайында ал кыйноого кабылганын билдирген.     

«Мага карата УКМКнын көрсөтмөсү менен түрмөдө кыйноо жана куугунтук уюштурушууда. 5 күндөн бери күнүгө тинтүү болуп, мыйзамсыз буюм таба албай, бүгүн СИЗО 1дин кызматчылары сыз деңгээли өтө жогору, муздак, эч кандай шарты жок камерага камашты”,- деп жазган Жээнбеков.

Бул материал боюнча УКМК Маданият министрлигине кайрылганы айтылат.

“Эгер чындыкка дал келбеген маалыматты алып салуу боюнча чечим аткарылбаса, анда Маданият министрлиги “Клооп” сайтын эки айга чейин бөгөттөйт” деп айтылган министрликтин катында.

Министрлик аталган материалды эки жумушчу күн ичинде алып салууну талап кылган. Чечимге маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов кол койгон.

Материал боюнча Жаза аткаруу кызматынын комментарийи да берилген. Жаза аткаруу кызматы Равшан Жээнбековдун кайрылуусун комментарийлеп, анын кыйноого туш болгонун четке каккан.

«Бардыгы мыйзам чегинде кармалып турат. Эч кандай кыйноо болгон жок. Жогорку органдар жана прокуратура, ошондой эле акыйкатчы, кыйноолорго каршы улуттук борбор жана парламент көзөмөлгө алып турат” деп билдирген Жаза аткаруу кызматы.

Бул материал боюнча улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) арызданган. Маданият министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратованын «Клоопко» билдиришинче, атайын кызмат материал «фейктер жөнүндө мыйзамга каршы келип, УКМКнын аброюна шек келтирет»,- деп белгилеген.

8-сентябрда «Клооптун» юристтери арыз жазып, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, маалыматты сот иштери боюнча жоопкерлер аркылуу гана алып салууну же төгүндөөнү талап кыла аларын билдиришти.

» «Клооп медиа» басылмасы талашка түшкөн тарап эмес жана кызыкдар тараптардын ишкердик беделине шек келтирген айрым маалыматтарды жараксыз деп табуу жөнүндө доо боюнча жоопкер эмес. Материалды алып салуу жөнүндө чечим мыйзамдардын талаптарына жана шарттарына жооп бербейт. [ … ] «Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамга караганда жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Жарандык кодекстин ченемдерин колдонууну мыйзамдуу деп эсептейбиз», — деп белгиленет арызда.

Мындан тышкары, документте «Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылып жатканын айтты» деген аталыштагы материалда булакка шилтеме берилгени, басылма өзүм билемдик менен маалыматты ырастаган эместиги белгиленет.

«Аталышында «деп билдирди» деген сөздөр камтылып, бул каарманга тиешелүү цитата экенин тастыктайт», — деп арызда баса белгиленет.

Бул фейктер жөнүндө мыйзамдын негизинде «Клооптун» сайтын бөгөттөө боюнча биринчи аракет эмес. 2022-жылдын февраль айында Маданият министрлигине Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ушундай арыз менен кайрылган. “АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты”  аттуу макаланы веб-сайттан өчүрүү талабын койгон. Бирок, көп өтпөй агенттик себебин түшүндүрбөй, арызын кайтарып алган. Маданият министрлиги «Клооптун» сайтына бөгөт койгон жок болчу.

Сайтты бөгөттөө чечиминден тышкары,» Клооп » басылмасы азыр жабылуу коркунучунда турат. 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop.kg порталын жоюу боюнча Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна доо арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Документте “Жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискретизациялоого багытталган. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтары басымдуулук кылары” айтылган.

«Медиа Полиси институтунун» юристтери менен Кыргызстандын медиа коомчулугунун пикиринде, Борбордук прокуратуранын доо арызы «чечилбейт». Алар бир катар эл аралык уюмдар сыяктуу эле бийликке «Клоопту» куугунтуктоону токтотуу жана доо арызды кайтарып алуу боюнча кайрылуу жасашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты