«ККМге каршы чыкпаш керек». Садыр Жапаров ККМ тууралуу пикирин айтты
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берди.
Анда ага «Нарынга болгон акыркы иш сапарыңыздын алкагында ал жактагы соодагерлер менен жолугушуп, алардын ККМ маселеси боюнча суроолоруна жооп бердиңиз. Ошону менен бирге тийиштүү тараптарды чакырып кеңешме өткөрөм дедиңиз эле. Бул маселе боюнча Бишкекте да митингдер өткөнү маалым. Ушулар боюнча сиздин пикирди уксак?» деген суроо берилди
Ал карапайым, жөнөкөй соодагерлер илгертен бери эле салыкты жашырбай төлөп, мамлекетти багып, орточо бай жана олигархтарды байытып келерин айтты. «Сөзсүз түрдө ай сайын 2 миңден 5 миң сомго чейин патент алышат. Эгер 5000 сомго ай сайын патент алсаң, жылына 60 миң сом патентке төлөйсүң. Дүңүнөн сатуучулар менен олигархтар дүңүнөн сатып, патенттерге жамынып, бир тыйын салык төлөбөй кетип калып жатышат. Биз: “Карапайым соодагерлер, силердин бир жылда саткан товарыңар 8 миллион сомдон ашпаса, патент албай эле койгула. Патентке акчаңарды коротуп эмне кыласыңар. Болгону ККМ колдонгула. ККМди да бекер берели. Силерден болгону сатып алуучуга чек берип тургула деп суранып жатабыз. Дүңүнөн сатуучулардан счет-фактура алгыла. Мамлекет силерден эмес, дүңүнөн сатуучулардан, бай бизнесмендерден салык алалы. Карапайым калкты кыйнабайлы. Эртерээк бутуна туруп алышсын” деп айтып жатабыз.
Мындан сырткары, мурдатан берки бүгүнкү күндө иштеп жаткан патент мыйзамдары боюнча бир патент бир эле киши үчүн болчу. Биз өзгөртүү киргизип жатабыз. Мындан ары ККМди колдонуп, саткан товары 8 миллион сомдон ашпаса үй-бүлөсү дагы ошол эле ККМ менен иштей берет жана аларга эч кандай салык төлөнбөйт. Мисалы, аялы бошобой жатса, күйөөсү же кызы, же баласы дагы бир точкада бир эле ККМ менен соода кыла берет. “Эгер соодаң бир жылда 8 миллиондон ашса, анда 30 миллион сомго чейин 1 эле пайыз төлө. 30 миллиондон ашса анда салык кодекси менен иште” деп атабыз.
ККМге каршы чыкпаш керек. ККМ колдонуш үчүн бухгалтер жалдашыбыз керек экен, түшүнбөй жатабыз деген шылтоо болбош керек.
Бүт дүйнө жүзү эбак эле ККМге өткөн. ККМдин жакшы жери эч ким салыкты жашыра албай калат. ККМ киргенден берки салыктын көбөйгөнүн айта кетейин. Мисалы: “Кайнар” тойканасы 2021-жылы 192 500 сом салык төлөсө, 2022-жылда 2 522 800 сом салык төлөдү. “Асман” тойканасы 2021-жылы 567 миң сом салык төлөсө, 2022-жылы 2 879 600 сом салык төлөдү. Бул бир эле жылда болгон жыйынтык.
Биз салыктын тарифтерин бир тыйынга дагы көтөргөн жокпуз. Мурдагы эле тарифтер. Же салыктын жаңы түрлөрүн киргизген жокпуз.
Салыктын өз убагында көп чогулушу – бул силердин эмгек акыңардын көбөйүшү, пенсия, жөлөкпулдардын көбөйүшү, мектеп, бала бакчадардын салынышы, жолдордун асфальттанышы жана армияңдын күчтөнүшү», — деди президент.