«ККМ боюнча иштөөнү токтотпогула». Президент Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө кайрылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйыны президент Садыр Жапаров катышууда. Анда ал ККМ боюнча сөз сүйлөдү.

«ККМ боюнча иштөөнү токтотпогула. Элге дагы түшүндүрүңүз. Бул тапшырманы аткарыңыз. Кыргызстан да электрондук төлөмдөрдүн дүйнөлүк системасына өтүшү керек. Мындан тышкары, коррупциянын, бюрократиянын ар кандай көрүнүштөрүн жокко чыгарып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөө керек!

ККМ аппараттарын киргизүү — бул бир гана салык эмес, бул түн ичинде өтүп жаткан контрабанда менен жалпы элдик күрөш, товарлардын сапатына карата элдик көзөмөл,
бул баарыбыздын ден соолугубуз, сертификат албай, салыктан качкан, өз пайдасы үчүн жанталашып жүргөн «кара ниет» ишкерлерди — финансылык тартипке жалпы элдик чакыруу болуп саналат.

30 жылдык тарыхыбызда биринчи жолу 20 миң тонна битум алынып келинди. Азыр республикабыздын көпчүлүк жерлеринде жолдорубуз асфальтталып жатат. жолчулардын айлыктары — иштин көптүгүнөн биз көтөрө электе эле 20-25 миңден болуп жаткандыгы боюнча маалыматтар келди. Бул жакшы. Демек, биз иштин көлө үн көбөйтүүчү багыттарга да артыкчылык беришибиз керек», — деди Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты