Китептер сүйлөгөн түн: Маданий-агартуу иш-чарасы өтөт

  • 1 неделя мурун

Бишкек шаарынын мэриясы борбор шаардын тургундарын жана конокторун бүгүн, 28-майда саат 17:00дөн 00:00гө чейин шаардык китепканаларда өтө турган «Китептер сүйлөгөн түн» маданий-агартуу акциясына чакырат.

Иш-чаралар Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканада, Жусуп Турусбеков атындагы №2 китепканада, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №18 китепканада, Чыңгыз Айтматов атындагы №1 китепканада, Сагымбай Орозбаков атындагы №13 китепканада, Алыкул. Осмонов атындагы №9 китепканада, Тоголок Молдо атындагы №15 китепканада жана КасымТыныстанов атындагы №5 китепканада өтөт.

Катышуучулар үчүн бай жана ар түрдүү программа даярдалган, анын ичинде поэзия , тез окуу боюнча семинарлар, жомок окуу, колдонмо искусство боюнча көргөзмөлөр жана семинарлар, концерт, спектаклдер, ар кандай аспаптарда музыкалык аткаруу, билим берүүчү жана көңүл ачуучу оюндар бар.

Иш-чарага эл жазуучулары, профессорлор, филологдор, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү катышат.

«Китептер сүйлөгөн түн» иш-чарасы китеп, искусство, музыка жана жандуу баарлашуу атмосферасына сүңгүп кирүү, окуунун жаңы кырларын жана заманбап китепкана мейкиндигин ачуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болот.

Бишкек шаарынын мэриясы каалоочуларды бул кечти адабият, чыгармачылык жана маданий дем-күч дүйнөсүндө өткөрүүгө чакырат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты