Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы бийликке кайрылды

  • 2 года мурун

2021-жылы Бишкекте уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова бийликке кайрылды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Ал адам өмүрүн алган окуя боюнча укук коргоо органдары иштебей жатканын айтып, бийликке кайрылуу жасады.

Назгүл Шакенова милиция кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп, буга чейин Башкы прокуратурага да кайрылганын, бирок алгылыктуу иш жүрбөгөнүн билдирген.

Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде күндүз көчөдө бараткан жеринен уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекова өлүмүнө бир жыл толду. Буга чейин Айзаданын апасы Назгүл Шакенова кызын зөөкүрлөрдүн колунан куткарууга аракет кылбаган милиция кызматкерлерине, ошол маалда кызматтан алынгандар кайра эле айланып келип ар кандай жумуштарда иштеп жатканына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Курманкул Зулушевдин берген маалыматына ылайык, 2021-жылы никеге туруу максатында адам уурдоо боюнча 560 кылмыш иши катталган. Алардын 80и сотко өтсө, 460ы кыскарып кеткен. 14 иш өндүрүштө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты